# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын - шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын - шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20878>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1815/edition/818010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20878.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын - шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (18.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20878

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-январы № 14 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын - шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 4, 10-январындагы № 7, 14-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтомдорунун негизинде, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 1, 2-бөлүгүн, 49-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесиндеги 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын - шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 2 945 600 (эки миллион тогуз жүз кырк беш миң алты жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
