# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20877>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1814/edition/818008/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20877.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (18.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20877

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-январы № 13 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жана "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графиги, тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 7 токтомдун тиркемесине Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоону дайындоо боюнча бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин: 2017-жылдын 27-январынан 2017-жылдын 3-февралына саат 9.00дөн 12.00гө чейин.

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-январындагы № 13 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графиги

№

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы

Биринчи сессиясынын өткөрүү датасы

Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы

Чүй облусу

Ысык-Ата району

1

Кочкорбаев айыл өкмөтү

12.01.2017

2017-жылдын 3-февралына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин

2

Туз айыл өкмөтү

12.01.2017

2017-жылдын 3-февралына, саат 15.00дөн 18.00гө чейин

3

Логвиненко айыл өкмөтү

13.01.2017

2017-жылдын 3-февралына, саат 15.00дөн 18.00гө чейин

Сокулук району

4

Шопоков шаарынын мэриясы

10.01.2017

2017-жылдын 3-февралына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин

5

Кун-Туу айыл өкмөтү

10.01.2017

2017-жылдын 4-февралына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин

6

Кызыл-Туу айыл өкмөтү

10.01.2017

2017-жылдын 4-февралына, саат 15.00дөн 18.00гө чейин

7

Фрунзе айыл өкмөтү

10.01.2017

2017-жылдын 6-февралына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
