КР Убактылуу Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн алдында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маселелери боюнча Мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсү боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө) тескемеси
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-04-30.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 30-апрели № 300 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн алдында
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн
маселелери боюнча Мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсү
боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшү үчүн укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук өбөлгөлөрдү, ишкердикти өнүктүрүү жана инвестицияларды тартууга жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле түзүлгөн кырдаалды эске алып жана бюджеттик ресурстардын толук түшпөй калышынын тобокелдигин болтурбоо үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн алдында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маселелери боюнча Мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсү боюнча координациялык кеңеш төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары - каржы министри, Координациялык кеңештин жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын экономиканы тескөө министринин милдетин аткаруучу, Координациялык кеңештин жетекчисинин орун басары;
- Бишкектеги иштиктүү клубдун аткаруучу директору, Координациялык кеңештин жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары, Координациялык кеңештин жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
- Кыргыз Республикасынын алдындагы Өкмөтүнүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);
- «Интербилим» эл аралык борборунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын Базарлар, соода жана тейлөө чөйрөсүнүн ишканаларынын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
- «Салык консультанттар палатасы» коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- «Жибек жолу» туризм ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- Банктар бирлигинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Бажы брокерлер ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- «Легпром» жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын президенти;
- Эл аралык иштиктүү кеңештин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- Риэлторлор ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маселелери боюнча Мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет).
3. Координациялык кеңеш төмөнкү багыттар боюнча жумушчу эксперттик топторду түзсүн:
- фискалдык саясат:
салык саясаты:
- салыктык администрациялоону жакшыртуу;
- бюджеттин кирешелерин көбөйтүү;
бажы саясаты:
- коррупциялык схемаларды жоюу жана контрабанда менен күрөшүү;
- бажылык администрациялоону жакшыртуу;
социалдык чегерүүлөр саясаты;
- инвестициялык өзүнө тартуучулук:
бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- жөнгө салуу милдеттерин оптималдаштыруу:
мамлекеттин уруксат берүү тутумун реформалоо.
4. Координациялык кеңеш жана жумушчу эксперттик топтор белгиленген багыттар боюнча аракеттердин айкын планы бар чечимдердин зарыл механизмдери менен долбоорлорун иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 4-августа 2010 года №149 "О Совете по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве Кыргызской Республики"Постановление · 05.08.2010 · № 149 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон