Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (ГЭФ менен кызматташуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамыy бекитүү) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 января 2020 года N 46 "О Координационном совете по вопросам изменения климата, экологии и устойчивого развития"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-01-30.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 11-апрели № 108-б Глобалдык экологиялык фонд менен кызматташуу боюнча иштерди жана бешинчи фазанын алкагында Глобалдык экологиялык фонд (мындан ары - ГЭФ) тарабынан каржыланган ишке ашырылуучу долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатууга бардык кызыкдар тараптардын катышуусун координациялоо максатында:
1. ГЭФ менен кызматташуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, ага ГЭФтин каражатынан каржылоо жана Кыргыз Республикасында ГЭФтин ишке ашырылуучу долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү үчүн улуттук артыкчылыктарга шайкеш келген долбоордук сунуштарды жактыруу функциясы жүктөлсүн.
2. Тиркемеге ылайык ГЭФ менен кызматташуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын тиркелген курамы бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу секретариатынын функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин алдындагы Экологиялык коопсуздук борборуна жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри
А.Атамбаев
Тиркеме
Глобалдуу экологиялык фонд менен кызматташуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын тең төрагасы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин алдындагы Экологиялык коопсуздук борборунун директору (жумушчу секретариат);
- "Жаңылануучу энергия булактар" ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- "КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы N 46 "Климаттын өзгөрүшү, экология жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 30.01.2020 · № 46 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- "КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы N 46 "Климаттын өзгөрүшү, экология жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 30.01.2020 · № 46 · Күчүн жоготкон