# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 105-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-б буйругуна толуктоолорду киргизүү) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 105-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-б буйругуна толуктоолорду киргизүү) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 105-р
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208692>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9051/edition/524689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208692.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 105-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-б буйругуна толуктоолорду киргизүү) буйругу (07.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208692

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 7-апрели № 105-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "- чек ара аймагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алынуучу үйлөрдү баалоо боюнча облустук мамлекеттик администрациянын алдындагы комиссияны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз баалоочу компанияларды тартуу менен түзсүн;

- комиссия бекиткен баалоонун негизинде үйлөрдү сатып алууну жүргүзсүн;".

Премьер – министри

А.Атамбаев
