# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти аналитикалык материалдар менен камсыздоо) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти аналитикалык материалдар менен камсыздоо) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 94-р
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208689>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9048/edition/529950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208689.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти аналитикалык материалдар менен камсыздоо) буйругу (10.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208689

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 4-апрели № 94-б (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 136-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге бирдиктүү жана макулдашылган макроэкономикалык болжолун даярдоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти аналитикалык материалдар менен камсыздоо, макроэкономикалык туруктуулуктун маселелерин чечүү боюнча өз убагында сунуштарды берүү максатында:

1. Финансылык программалоо боюнча техникалык топ төмөнкү курамда түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн божомолдоо жана талдоо секторунун башчысы, топтун жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнүн эксперти;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн божомолдоо жана талдоо секторунун эксперттери (2 адам);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттик башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономикалык башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана маалымат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана маалымат бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча).

2. Техникалык топко керек болгон учурда иш процессинде пайда болуучу маселелерди чечүү, ошондой эле керектүү маалыматты сурап алуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун эксперттерин ишке тартуу укугу берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине техникалык топтун иш-аракеттерин методикалык, уюштуруучулук (зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес жолугушууларды өткөрүү) жана башка жактан камсыз кылуу жүктөлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер – министри

А.Атамбаев
