# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 93-б (Кыргыз Республикасынын тышкы карызын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө алмашуу механизмин иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу түзүү) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 93-б (Кыргыз Республикасынын тышкы карызын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө алмашуу механизмин иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу түзүү) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 93-р
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208688>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9047/edition/534403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208688.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 93-б (Кыргыз Республикасынын тышкы карызын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө алмашуу механизмин иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу түзүү) буйругу (01.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208688

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 26-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 4-апрели № 93-б Кыргыз Республикасынын тышкы карызын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө алмашуу механизмин иштеп чыгуу максатында:

1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун тең төрагасы.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

- ПРООНдун Башкы офисинин экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча);

- ПРООНдун "Туруктуу өнүктүрүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоо" программасынын менеджери (макулдашуу боюнча);

- ПРООНдун "Туруктуу өнүктүрүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоо" программаларынын багыттарынын координатору (макулдашуу боюнча).

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тышкы карызын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө алмашуу механизмин иштеп чыксын жана жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү сунуш киргизсин.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер – министри

А.Атамбаев
