Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын тышкы карызын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө алмашуу механизмин иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу түзүү) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 1 февраля 2012 года № 26-р (О внесении изменений в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 23 сентября 2011 года № 455-р)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-01.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 26-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 4-апрели № 93-б Кыргыз Республикасынын тышкы карызын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө алмашуу механизмин иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун тең төрагасы.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
- ПРООНдун Башкы офисинин экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- ПРООНдун "Туруктуу өнүктүрүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоо" программасынын менеджери (макулдашуу боюнча);
- ПРООНдун "Туруктуу өнүктүрүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоо" программаларынын багыттарынын координатору (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тышкы карызын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө алмашуу механизмин иштеп чыксын жана жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 26-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 455-б буйругуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 01.02.2012 · № 26-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 26-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 455-б буйругуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 01.02.2012 · № 26-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.