Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн, Бишкек шаарында Россия илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын иштөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 26-марты № 78-б
1. Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн, Бишкек шаарында Россия илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын иштөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрине аталган Макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-майындагы № 242-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер – министри
А.Атамбаев
Долбоор
Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн, Бишкек шаарында Россия илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын иштөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү, эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана маалыматтык байланыштарды өнүктүрүүгө 1992-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу келишиминин, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы 2000-жылдын 27-июлундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларациянын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1995-жылдын 27-мартындагы Маданият, илим жана билим берүү жаатында кызматташуу келишимдеринин духунда көмөктөшүүгө аракеттенип, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Кыргыз Тарап Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн, Россия тарап Бишкек шаарында Россия илим жана маданият борборун уюштурушат. Алар мындан ары мекемелер деп аталат. Тараптар өз ара келишимдердин негизине эки мамлекеттин башка шаарларында мекеменин бөлүмдөрүн ача алышат. Мекемелердин иши эл аралык укуктун ченемдерине, ушул Макулдашуунун жоболоруна жана келген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2-берене
Кыргыз илим жана маданият үйү өз ишин Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын жетекчилиги астында жүргүзөт. Россия илим жана маданият борбору өз ишин Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын жалпы жетекчилиги астында жүргүзөт. Россия илим жана маданият борборунун иши Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чет өлкөлөрдө жашаган мекендештеринин иштери боюнча Федералдык агенттик тарабынан жана эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча камсыздалат.
3-берене
Мекемелер өз иштеринин чегинде министрликтер, башка мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, мамлекеттин бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдор, ассоциациалар, фонддор, ошондой эле келген мамлекеттердин жарандары менен түздөн-түз байланыш түзө алышат.
4-берене
Мекемелердин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: эки тараптуу кызматташуунун илимий - техникалык, маданий - гумантардык жана маалымат жаатындагы программаларды ишке ашыруусуна көмөк көрсөтүү; келген мамлекетинин коомчулугуна өз мамлекетинин тышкы жана ички саясаты, коомдук жана экономикалык турмушунда болуп жаткан окуялар, анын тарыхы жана маданияты менен тааныштыруу; эки мамлекеттин ишкердик чөйрөсүндө чыгармачылык, маданий - агартуучу, илимий, билим берүүчү уюмдары жана мекемелеринин ортосунда байланыш түзүүгө көмөктөшүү жана кызматташууну өнүктүрүү; эки мамлекеттин элдеринин тилин жана маданиятын үйрөнүүгө көмөк көрсөтүү; өздөрүнүн маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүн эки мамлекеттин соода-экономикалык, илимий - техникалык жана маданий - гуманитардык кызматташууларын кеңейтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү кызыкчылыгында пайдалануу; Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын региондорунун жана шаарларынын ортосунда тикелей өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү; чет өлкөдөгү мекендештеринин социалдык - маданий, билим берүүчү жана башка мыйзамдуу укуктарын, жана кызыкчылыктарын камсыздоо, алардын ынтымагына көмөктөшүү, өз эне тилин, улуттук-маданий өзгөчөлүктөрүн сактоо, мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүнө катышуу, чет өлкөдөгү мекендештери жана алардын бирикмелери менен Тараптардын мамлекеттеринин байланыштарын уюштурууну өнүктүрүү максатында чет өлкөдөгү мекендештерин колдоого багытталган өз мамлекетинин саясатын ишке ашырууга катышуу.
5-берене
Мекемелер өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык: Тараптардын мамлекеттеринин коомдук-саясий, экономикалык, илимий-техникалык жана маданий өнүгүү маселелери боюнча маалыматтык - маалымдама фонддорду жана банктарды түзүшөт, эл аралык гуманитардык, илимий, маданий жана ишкердик кызматташуу проблемалары боюнча конференцияларды, симпозиумдарды, консультацияларды өткөрүшөт;
- тараптардын соода - экономикалык, маданий - агартуучулук, илимий жана билим берүү мекемелери жана өз мамлекетинин уюмдары менен байланыш түзүү маселелери боюнча кызыкдар мекемелерге жана келген мамлекетинин жарандарына маалыматтык жана консультациялык көмөк көрсөтөт;
- келген мамлекетинде туруктуу жашаган мекендештер арасында маданий-агартуучулук жана маалыматтык иштерин жүргүзүшөт жана алардын бирикмелери менен болгон байлынышты колдошот,
- көркөм жамааттардын жана айрым аткаруучулардын концертин жана телекино көргөзмөлөрүн уюштурат;
- сүрөт көргөзмөлөрүн, көркөм чыгармалардын жана элдин көркөм чыгармачылыктык көргөзмөлөрүн, китеп көргөзмөлөрүн ж.б. өткөрөт;
- келген мамлекетинин коомчулугунун жана ишкердик чөйрөсүнүн, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу менен өз иштеринин ар кыл багыттары боюнча коомдук кеңештерди жана клубдарды түзүшөт;
- өз мамлекеттеринин эне тилдерин үйрөтүү курстарын уюштурушат, окуу жайлардын, илимий мекемелердин илимий кызматкерлерине, тил жана адабият мугалимдерине методикалык жардам көрсөтүшөт;
- келген мамлекетинин жарандарына өз мамлекеттериндеги окуу жайларда окууну тандоо жана жолдомо берүү, стажировкадан өтүү алкагында көмөк көрсөтүшөт;
- келген мамлекетте өз мамлекетинин окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциацияларынын жана клубдарынын ишине көмөктөшөт, ушул окуу жайлары менен ушундай ассоциациялардын жана клубдардын байланыштарын камсыз кылышат, ошондой эле келген мамлекетинде бүтүрүүчүлөр үчүн квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча семинарларды уюштурушат;
- келген мамлекеттердин кызыкдар уюмдары жана жарандары үчүн китепканалардын жана башка маалыматтык кызматтардын иштерин камсыздашат;
- келген мамлекетинин өкмөттүк эмес уюмдары, ассоциациялары жана достук коомдору, окуу, маданий жана илимий мекемелери менен жана үчүнчү өлкөнүн маданий-маалыматтык борборлору менен кызматташат;
- мекемелердин иштери менен байланышкан программаларды, чакырууларды жана башка маалыматтык материалдары таркатышат.
Мекемелер келген мамлекеттин мыйзамдарын сактоо менен бул Макулдашуунун максаттарына жооп берүүчү иштердин башка түрлөрүн да жүргүзүшү мүмкүн.
6-берене
Мекемелер келген мамлекетинин макулдугу менен өздөрү жайгашкан имараттан башка жерлерде иш-чараларды өткөрө алышат. Тараптар мекемелер тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга коомчулуктун тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздайт.
7-берене
Тараптар өз ара көмөктөшүүнүн негизинде жана келген мамлекетинин мыйзамдарына ылайык мекемелердин жайларынын, андагы кызматкерлердин жана өткөрүлген иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл болгон чараларды көрөт.
8-берене
Мекемелер өз ишинде киреше алуу максатын көздөшпөйт. Ошол эле учурда мекемени кармоо жана иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чыгымдардын бөлүгүн жабуу үчүн төмөнкү төлөмдөрдү алышы мүмкүн: алар тарабынан уюштурулган иш - чараларга катышуу; тил үйрөнүү курстарында окутуу жана иштин башка түрлөрү үчүн;
- маалыматты жазуунун ыкмасына карабастан мезгилдүү басылмалар, каталогдорду, афишаларды, программаларды, китептерди, сүрөттөрдү, пластинкаларды, аудиовизуалдык жана дидактикалык материалдарды, ошондой эле келген мамлекетинин мыйзамдарында тыюу салынбаган, уюштурулуп жаткан иш-чараларга тикелей тиешелүү болгон башка нерселерди сатуу, бирок сатуу мекеме тарабынан жүргүзүүгө, келген мамлекетинин соода ишинин эрежелери, салык жана башка мыйзамдары, ошондой эле интеллектуалдык менчик ээлеринин укуктары бузулбоого тийиш.
Мекемелер жайгашкан жайларда китеп жана сувенирдик дүкөндөрдү, келүүчүлөрдү тейлөө үчүн кафе жана кафетерий ача алышат.
9-берене
Тараптар мекемелерди жана алардын кызматчыларын жайгаштыруу үчүн жер үлүштөрүн берүүгө, ошондой эле кызматтык, турак имараттарды (жайларды) ижарага берүүгө, сатып алууга же курууга өз ара мамиленин шарттарында, келген мамлекетинин мыйзамдарына ылайык көмөктөшөт. Мекеменин имараттарын (жайларын) долбоорлоо, куруу жана абаттоо иштерин курууга уруксат алышкандан кийин келген мамлекетинин шаар куруу эрежелерине ылайык жиберүүчү тарап жүргүзөт. Ошол эле учурда, жиберүүчү Тарап тийиштүү жумуштарды жүргүзүү үчүн подрядчиктерди өз алдынча дайындоого укуктуу.
10-берене
Мекемелер жана алардын кызматкерлери үчүн салык режими өз ара мамиле принцибин эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1999-жылдын 13-январындагы кош салыктан баш тартуу жана салык төлөөдөн качууну жоюу жөнүндө макулдашууга ылайык келген мамлекетинин мыйзамдарында аныкталат.
11-берене
Тараптар өз ара мамиле принцибинин негизинде келген мамлекетинин мыйзамына ылайык мекемелерди убактылуу ташып киргизилген товарларга карата кайрадан ташып кетүү милдеттенмеси менен бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат, бирок бул товар ушул Макулдашууга ылайык мекеменин ишин жүргүзүү үчүн керек болууга тийиш. Убактылуу киргизилген товарлар келген мамлекетинин аймагында бажы төлөмдөрүн төлөгөндө жана келген мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген башка дагы талаптар аткарылганда өткөрүлүп берилет. Бул беренеде каралган жеңилдиктер мекеменин келген мамлекетинин жараны болгон же анын аймагында туруктуу жашаган кызматкерлерине колдонулбайт.
12-берене
Ар бир Тарап өз мекемесинин кызматкерлерин дайындайт. Бул кызматкерлер жөнөткөн мамлекеттин, келген мамлекетинин же үчүнчү мамлекетинин жараны болуусу мүмкүн. Акыркы учурда дайындоо келген мамлекетинин компетенттүү органдары менен макулдашылууга тийиш. Мекеменин директору жана директордун орун басарлары жөнөткөн мамлекеттин жарандарынан болууга тийиш жана дипломатиялык статуска ээ болуусу керек. Кызматкерлердин саны Тараптардын өз ара сүйлөшүүлөрү аркылуу бекитилет. Тараптар бири-бирине мекеменин кызматкерлер менен толукталуусу тууралуу, ошондой эле кызматкерлердин кызмат ордуна киришүүсү жана алардын мекемедеги иши токтотулгандыгы тууралуу билдиришет.
13-берене
Жөнөткөн мамлекеттин мекемелеринин кызматкерлерине жана алардын келген мамлекетинде туруктуу жашабаган жана жөнөткөн Тараптын жарандары болуп саналган үй-бүлө мүчөлөрүнө жөнөткөн Тараптын эмгек мыйзамы тийиштүү болот. Мекемелердин башка кызматкерлерине келген мамлекетинин эмгек мыйзамдары тийиштүү болот.
14-берене
Тараптардын ар бири өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык жөнөткөн мамлекеттин мекемелеринин кызматкерлерине жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө мекемеде иштөө мөөнөтүнө алардын жеке жана үй-бүлөдө пайдалануусу үчүн арналган буюмдар менен бирге мурда алынган башка буюмдарды бажы төлөмдөрүсүз убактылуу алып кирүүгө уруксат берет. Көрсөтүлгөн буюмдар келген мамлекетинин мыйзамдарында каралган бажы төлөмдөрү төлөнгөн, ошондой эле келген мамлекетинин бажы мыйзамдарынын башка талаптары сакталган шартта гана келген мамлекетинин аймагында башкаларга берилиши мүмкүн.
15-берене
Тараптар Эл аралык милдеттенмелерге жана өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык мекемелердин кызматкерлеринин жана алардын чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекет аймагына кирүүгө уруксат берүү жөнүндө, ошондой эле келген мамлекетинде жашоого уруксат берүү жөнүндө арыздарын өз убагында кароону камсыздашат.
16-берене
Ар бир тарап зарыл учурда башка Тарапка анын мекемелеринин кызматкерлери үчүн турак-жай табууга көмөктөшөт.
17-берене
Тараптар бул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкан маселелерди кароо үчүн өз ара макулдашуу боюнча кеңешүүлөрдү жүргүзүшөт.
18-берене
Бул Макулдашууну ишке ашырууда Тараптардын ортосунда чыккан талаш маселелер сүйлөшүү жолу менен чечилет.
19-берене
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча бул Макулдашууга ушул Макулдашуунун 20-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү протоколдор менен таризделчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алышат.
20-берене
Бул Макулдашуу Тараптар Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн керектүү болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарышканын ырастаган жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алышкандан кийин күчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлдү. Тараптардын бири анын жарактуулугун токтотуу ниети жөнүндө башка Тарапка тийиштүү мезгил аяктаганга чейин алты айдан кем эмес мурда жазуу жүзүндө кабарламайынча Макулдашуунун жарактуулугу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартыла берет.
____________шаарында 20___ -жылдын «___» _________________________ ар бири кыргыз жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана эки текст бирдей күчке ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Российской Федерации об избежании двойного налогообложения и предотвращении уклонения от уплаты налогов на…Соглашение · 13.01.1999
- Договор о дружбе, сотрудничестве и взаимной помощи между Республикой Кыргызстан и Российской Федерацией (Ратифицирован постановлением Верховного Совета РК от 18 декабря 1992 года…Договор · 10.06.1992
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-майындагы № 242-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн жана…Распоряжение · 27.05.2009 · № 242-р · Күчүн жоготкон