# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 70-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казак Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 70-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казак Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 70-р
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208668>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9027/edition/524368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208668.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 70-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казак Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу) буйругу (15.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208668

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 15-марты № 70-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казак Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө тиркелген макулдашуу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер – министри

А.Атамбаев

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казак Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз

негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө

макулдашуу

Казак Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар) достук мамилелерди жана аскер жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө умтулуп, 1997-жылдын 8-апрелиндеги Казак Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө Келишимди жетекчиликке алып, Борбордук Азия регионундагы коопсуздукту бекемдөө зарылчылыгынан чыгып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында, кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү үчүн укуктук база түзүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында, казак Тарап кыргыз Тарапка, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген Тиркемеде көрсөтүлгөн аскердик мүлктү берүү менен кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтөт.

2-берене

Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар болуп төмөнкүлөр эсептелет: казак Тараптан - Казак Республикасынын Коргоо министрлиги; кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги.

3-берене

Казак Тараптын ыйгарым укуктуу органы Казак Республикасынын аймагынан Кыргыз Республикасынын Чүй областынын аймагындагы "Ак-Жол" бажы постуна чейин аскердик мүлктү жеткирүүнү ишке ашырат, ал жерден Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү аскердик мүлктү кабыл алууну жана берүүнү жүргүзөт.

4-берене

Тараптардын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө 30 сутка калганга чейинки мөөнөттө казак Тараптын ыйгарым укуктуу органы кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу органына, аскердик мүлктү жеткирүүнү ишке ашыруучу өздүк курамдын аты жазылган тизмесин берет. Аты жазылган тизме төмөнкү маалыматтарды камтыйт: аты-жөнү, туулган күн-айы, аскердик наамы, кызматы, өздүгүн күбөлөндүргөн документтин аталышы, сериясы жана номери. Аты жазылган тизме казак Тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет. Казак Тараптын аскер кызматчылары Тараптардын мамлекеттик чек арасын аты жазылган тизмеге ылайык, Казакстан Республикасынын жаранынын өздүгүн күбөлөндүргөн документтерди көрсөтүү боюнча кесип өтөт.

5-берене

Казак Республикасынын аймагынан, ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында которулуучу аскердик мүлктү чыгаруу биринчи кезекте, тыюу салуулар жана чектөөлөр жана бажы алымдары, салыктар жана жыйымдар жок ишке ашырылат.

6-берене

"Ак-Жол" бажы постуна чейин аскердик мүлктү жеткирүүгө байланышкан чыгымдарды казак Тарап төлөйт. Кыргыз Тарап бажы жол-жоболорун тариздөө жана аскердик мүлктү өзүнүн аймагына жеткирүү үчүн чыгымдарды өзүнө алат жана жоопкерчиликтүү болот.

7-берене

Кыргыз Тарап казак Тараптан ушул Макулдашуунун алкагында алынган аскердик мүлктү же аны колдонуу укугун үчүнчү тарапка бербөөгө милдеттенме алат.

8-берене

Ушул Макулдашуу, кыргыз Тарап казак Тараптын дипломатиялык каналдары боюнча анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттин ичиндеги жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө жазуу түрүндөгү кабарлоо алган күн-айдан баштап күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу өзүнүн аракетин, ушул Макулдашууга ылайык берилүүчү аскердик мүлктү толугу менен кыргыз Тарапка берген убактан баштап токтотот, ал Тараптар тарабынан дипломатиялык каналдар боюнча такталат.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_шаарында \_\_\_\_\_\_жылдын\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде 3 түп нускада жасалды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казак Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө Макулдашууга тиркеме

Берилүүчү аскердик мүлктүн

Тизмеси

№п/п

Мүлктүн аталышы

Ченөө бирдиги

Саны

1.

ГАЗ-66 автомобили

бирдик

9

2

ЗиЛ-131 автомобили

бирдик

11

3.

Куралдары менен БТР-80 (КПВТ-14,5 мм пулемету, ПКТ-7,62 мм. пулемету)

бирдик

5

4.

ПМ-120 миномету

бирдик

30
