# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 56-б (Тендер өткөрбөстөн, бир булактан алуу ыкмасы менен сувенирлерди, эстелик белектерди, гүл композицияларды сатып алууга уруксат берүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 56-б (Тендер өткөрбөстөн, бир булактан алуу ыкмасы менен сувенирлерди, эстелик белектерди, гүл композицияларды сатып алууга уруксат берүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 56-р
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208659>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9018/edition/524308/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208659.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 56-б (Тендер өткөрбөстөн, бир булактан алуу ыкмасы менен сувенирлерди, эстелик белектерди, гүл композицияларды сатып алууга уруксат берүү тууралуу) буйругу (09.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208659

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 9-марты № 56-б Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдарынын катышуусу менен протоколдук иш-чараларды өткөрүү үчүн сувенирлерди, эстелик белектерди жана гүл композицияларды өз убагында сатып алуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына тендер өткөрбөстөн, бир булактан алуу ыкмасы менен сувенирлерди, эстелик белектерди, гүл композицияларды сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүргүзүлгөн сатып алуулар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат жана отчеттуулук үчүн квартал сайын берсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер – министри

А.Атамбаев
