# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы № 47-б (Исаков С.Ж. жана Кенекеев Д.А. жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы № 47-б (Исаков С.Ж. жана Кенекеев Д.А. жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 47-р
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208654>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9013/edition/524298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208654.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы № 47-б (Исаков С.Ж. жана Кенекеев Д.А. жөнүндө) буйругу (25.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208654

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 25-февралы № 47-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын аэропортторунда авиаотун менен камсыз кылуу жаатында биргелешкен Кыргыз-Россиялык ишканасын түзүүгө катышуу жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасы "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомдун директорлор кеңешинин курамына шайлоо үчүн төмөнкүдөй талапкерлерди "Газпромнефть-Аэро-Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун кароосуна белгиленген тартипте киргизсин:

- Исаков Сапар Жумакадырович - "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомдун директорлор кеңешинин төрагасы кызматына;

- Кенекеев Дайыр Атакулович - "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү кызматына.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык пландоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер – министри

А.Атамбаев
