# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-февралындагы № 42-б (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Займ жөнүндө макулдашуунун (Атайын операция) («ЦАРЭС 1-Транспорттук коридор» үчүнчү долбоору) (Бишкек-Торугарт жолу) долбоору боюнча расмий делегациянын курамын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-февралындагы № 42-б (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Займ жөнүндө макулдашуунун (Атайын операция) («ЦАРЭС 1-Транспорттук коридор» үчүнчү долбоору) (Бишкек-Торугарт жолу) долбоору боюнча расмий делегациянын курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 42-р
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208649>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9008/edition/523979/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208649.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-февралындагы № 42-б (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Займ жөнүндө макулдашуунун (Атайын операция) («ЦАРЭС 1-Транспорттук коридор» үчүнчү долбоору) (Бишкек-Торугарт жолу) долбоору боюнча расмий делегациянын курамын бекитүү тууралуу) тескемеси (24.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208649

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2011-жылдын 24-февралы № 42-б Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Займ жөнүндө макулдашуунун (Атайын операция) («ЦАРЭС 1-Транспорттук коридор» үчүнчү долбоору) (Бишкек-Торугарт жолу) долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

Мамбетжанов М.Т.

- Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;

Жапаров А.Ү.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Сабиров М.Э.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Исаев Ж.К.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Мамаев К.А.

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;

Байгончоков М.К.

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Муканбетов С.Т.

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;

Малабеков З.Т.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

Ибраимова Ч.И.

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;

Изаев А.С.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Дүйшеев А.А.

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык укук бөлүмүнүн башкы адиси.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

А. Атамбаев
