Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Займ жөнүндө макулдашуунун (Атайын операция) («ЦАРЭС 1-Транспорттук коридор» үчүнчү долбоору) (Бишкек-Торугарт жолу) долбоору боюнча расмий делегациянын курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2011-жылдын 24-февралы № 42-б Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Займ жөнүндө макулдашуунун (Атайын операция) («ЦАРЭС 1-Транспорттук коридор» үчүнчү долбоору) (Бишкек-Торугарт жолу) долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Мамбетжанов М.Т.
- Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Жапаров А.Ү.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сабиров М.Э.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Исаев Ж.К.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Мамаев К.А.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Байгончоков М.К.
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Муканбетов С.Т.
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Малабеков З.Т.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Ибраимова Ч.И.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;
Изаев А.С.
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Дүйшеев А.А.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык укук бөлүмүнүн башкы адиси.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.