Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Аштык буудайды брондон чыгаруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2011-жылдын 21-февралы № 39-б Калктын жакыр катмарына кайтарымсыз мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү, ички рыноктогу нан азыктарына болгон бааны турукташтыруу максатында, «Мамлекеттик материалдык резервдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- жооптуу сактоочу-ишканаларда сакталган 10000 тонна аштык буудайды тиркемеге ылайык мамлекеттик резервден белгиленген тартипте брондон чыгарсын жана Кыргыз мамлекеттик 990:2005 «Жалпы арналыштагы аштык буудай уну. Жалпы техникалык шарттар» стандартына ылайык ун кылып тартсын;
- ун салуу үчүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду. Акысыз, 2011-жыл, март» деген жазуусу бар каптарды, райондук борборлорго жана шарлардын мэрияларына ун жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу методу менен мамлекеттик сатып алууну жүргүзсүн;
- аштык буудайдын берилген өлчөмүнүн ордун 2011-жылдын түшүмүнөн алынган, «Буудай. Даярдоодогу жана жеткирүүдөгү талаптар» 9353-90-МАМСТтын талаптарына жооп берген, 3-класстан төмөн эмес буудай менен 10000 тонна өлчөмүндө 2011-жылдын 1-декабрына чейин толтурсун.
2. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын төлөнүүчү пособиесин алуучулар боюнча такталган маалыматтарды 3 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна жана облустардын, райондордун мамлекеттик администрацияларына, Бишкек жана Ош шаарынын мэрияларына берсин.
3. Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары унду убактылуу сактоонун пункттарын 2011-жылдын 25-февралына чейин уюштурушсун жана бөлүп берүү үчүн 6178,4 тонна I сорттогу ун талап кылынган, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын төлөнүүчү пособиесин (АҮБАП) алуучу 123568 үй-бүлөгө унду кайтарымсыз, Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо министрлигинин наряды боюнча гана, бир үй-бүлөгө 50 кг ун өлчөмүндө даректүү тапшырууну камсыз кылышсын.
4. Облустук мамлекеттик администрация башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын төлөнүүчү пособиесин алуучуларга берилген ундун өлчөмү жөнүндө маалыматты жума сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турушсун.
5. Унду сактоонун тиешелүү шарттары, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын төлөнүүчү пособиесин алуучуларга даректүү жана максаттуу бөлүштүрүү үчүн жеке жоопкерчилик облустардын, райондордун мамлекеттик администрация башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги унду тартуу, капка салуу жана жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды тындыруу, ошондой эле 2011-жылдын түшүмүнөн 10000 тонна өлчөмүндө аштык буудайды мамлекеттик резервге сатып алуу үчүн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна бөлүп берсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Тиркеме
2007-2008-жылдардагы аштык буудайды брондон чыгаруучу жооптуу сактоочу-ишканалардын
тизмеси
№
Жооптуу сактоочулардын аталышы
Аштык буудай, тонна
1
«Азрат-Айыб» ААКы
2895
2
«Дан» АКы, Кызыл-Кыя шаары
1495
3
«Кара-Суу Дан-Азык» АКы
3520
4
«Талас Дан-Азык» ААКы
630
5
«Алтын-Дан» ААКы
1290
6
«Кант Дан-Азык» ААКы
170
Жыйынтыгы
10000
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 16.07.1999 · № 75 · Күчүн жоготкон