Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (М мамлекеттештирилген объекттерди өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2011-жылдын 18-февралы № 36-б (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 245-б буйругунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттештирилген объекттерди сактоону жана аларды мамлекеттин кызыкчылыгында андан ары натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы мамлекеттештирилген объекттерди ушул буйруктун тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин балансына эки жумалык мөөнөттө өткөрүп беришсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мамлекеттештирилген объекттерди өзүнүн балансына белгиленген тартипте кабыл алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин балансына өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон мамлекеттештирилген объекттердин ТИЗМЕСИ (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 245-б буйругунун редакциясына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө тийиш болгон объекттер | |
|---|---|
| 1. | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында "Ысык-Көл-Аврора" санаторийинин аймагында жайгашкан, "Аврора плюс" турак комплекси бар аянты 10,0 га жер участогу |
| 2. | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан, "Кес-Сенир" туристтик комплексинин аймагында "Айнаш Компани" ЖЧКсы тургузган, мансардасы бар, курулушу бүтпөгөн 3 кабаттуу мейманкана үйү |
| 3. | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында "Ысык-Көл-Аврора" санаторийинин аймагында жайгашкан, "Аврора Грин" ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплексинин 31 коттеджи жана көп квартиралуу мейманкана үйү |
| 4. | "Ваvаria-38 Cruiser" яхтасы |
| 5. | БМВ-750LI Wi№ code WВАКВ 810449СҮ52201 маркасындагы автомашина |
| 6. | Мерседес-Бенц G500 Wi№ code WАВ4632481X162400 маркасындагы автомашина |
| 7. | Лексус-RХ570 Wi№ code JTS№YOOW294028398 маркасындагы автомашина |
| 8. | Лексус-RХЗЗО 3МZ 4161824 маркасындагы автомашина |
| 9. | Шевроле Субурбан LS Wi№ code IG№FK163Х9J110614 маркасындагы автомашина |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө тийиш болгон объекттер | |
| 10. | Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40 дареги боюнча жайгашкан Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун түндүк тарабындагы курулма-турак эмес жай |
| 11. | "Спартак" стадионундагы чакан спорт аренасынын курулмаларынын түштүк жана батыш бөлүктөрүндөгү жайлар |
| Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө тийиш болгон объекттер | |
| 12. | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан аянты 10 га жер участогу |
| 13. | Чолпон-Ата шаар башкармасынын аймагында жайгашкан аянты 4,73 га жер участогу |
| 14. | Чолпон-Ата шаар башкармасынын аймагында жайгашкан аянты 4,91 га жер участогу |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө тийиш болгон объекттер | |
| 15. | Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба багытындагы жер участогуна "СК Идеал Хаус" ЖЧКсы мыйзамсыз тургузган курулмалар |
| Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө тийиш болгон объекттер | |
| 16. | (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 245-б буйругуна ылайык алынып салынды) |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 245-б (Мамлекеттештирилген объектин өткөрүп берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 02.06.2012 · № 245-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 245-б (Мамлекеттештирилген объектин өткөрүп берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 02.06.2012 · № 245-р