# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-февралындагы № 33-б (Формалык кийимди белгиленген тартипте балансына алуу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-февралындагы № 33-б (Формалык кийимди белгиленген тартипте балансына алуу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 33-р
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208642>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9001/edition/523843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208642.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-февралындагы № 33-б (Формалык кийимди белгиленген тартипте балансына алуу тууралуу) тескемеси (17.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208642

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2011-жылдын 17-февралы № 33-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 34 "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы менен байланыштарын чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскеринин подразделениелерин керектүү форма кийим менен комплектилөө максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тиркемеге ылайык форма кийимдерди өзүнүн балансынан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскеринин балансына акысыз өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскери ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн формалык кийимди белгиленген тартипте балансына алсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.

4. Бул буйрук кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Тиркеме

Өткөрүп берилчү форма кийимдин

ТИЗМЕСИ

| № | Аталышы | Өлчөөсү | Баасы | Саны | Суммасы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | Кышкы камуфляж костюм (күрмө, шым) | Комплект | 1938-09 | 215 | 416690-90 |
| 2 | Жылуу кепка | Шт. | 250-00 | 373 | 93250-00 |
| 3 | Жайкы камуфляж костюм (күрмө, шым) | Комплект | 778-66 | 60 | 54506-43 |
| Бардыгы: | 564447-33 |  |  |  |  |
| Беш жүз алтымыш төрт миң төрт жүз кырк жети сом 33 тыйын |  |  |  |  |  |
