Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Формалык кийимди белгиленген тартипте балансына алуу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2011-жылдын 17-февралы № 33-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 34 "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы менен байланыштарын чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскеринин подразделениелерин керектүү форма кийим менен комплектилөө максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тиркемеге ылайык форма кийимдерди өзүнүн балансынан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскеринин балансына акысыз өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскери ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн формалык кийимди белгиленген тартипте балансына алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул буйрук кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Тиркеме
Өткөрүп берилчү форма кийимдин
ТИЗМЕСИ
| № | Аталышы | Өлчөөсү | Баасы | Саны | Суммасы |
|---|---|---|---|---|---|
| 1 | Кышкы камуфляж костюм (күрмө, шым) | Комплект | 1938-09 | 215 | 416690-90 |
| 2 | Жылуу кепка | Шт. | 250-00 | 373 | 93250-00 |
| 3 | Жайкы камуфляж костюм (күрмө, шым) | Комплект | 778-66 | 60 | 54506-43 |
| Бардыгы: | 564447-33 | ||||
| Беш жүз алтымыш төрт миң төрт жүз кырк жети сом 33 тыйын | |||||
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.