# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 2 "2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 2 "2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 06.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20864>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1803/edition/809056/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20864.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 2 "2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу" токтому (06.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20864

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 6-январы № 2 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу 2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 213 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 26-декабрындагы № 268 "2016-жылдын 11-декабрында өткөн, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдорду жокко чыгаруу жөнүндө" токтомуна ылайык, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2016-жылдын 27, 29-декабрында № 2190, № 2192, № 2193 шайлоо участокторунда шайлоочулардын добушун кайталап саноо процедурасы өткөрүлгөн. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан берилген Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын. 2017-жылдын 4-январдагы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жана Кочкор-Ата шаардык кеңешине жиберилсин.

3. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
