# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 418 (Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 418 (Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 418
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208625>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8984/edition/522833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208625.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 418 (Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү тууралуу) тескемеси (20.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208625

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 20-майы № 418 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 25 «Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү жөнүндө» токтомуна ылайык Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева

Тиркеме Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү боюнча комиссиянын курамы

Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары, комиссиянын төрагасы. Комиссиянын мүчөлөр:

- Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маданиятты өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин укуктук жана кадрдык иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар башкармалыгынын начальниги;

- «Көп балалуу үй-бүлө» кайрымдуулук фондусунун төрагасы;

- «Улгайгандар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмесинин директору;

- Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциасынын аткаруучу директору;

- «Коомдук технологиялар борбору» коомдук бирикмесинин директору;

- көз карандысыз тышкы эксперт, комиссиянын катчысы.
