# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 523 (Акча каражат бөлүүнүсү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 523 (Акча каражат бөлүүнүсү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 523
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8973/edition/522780/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 523 (Акча каражат бөлүүнүсү тууралуу) тескемеси (09.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208614

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 9-июлу УӨ № 523 Чүй облусунун ички иштер органдарын администрациялык имараттар жана бөлмө-жайлар менен камсыздоо, алар коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча коюлган милдеттерди аткарышы максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 20000000 (жыйырма миллион) сом суммада акча каражат бөлсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бөлүнгөн акча каражаттын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздасын.

Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
