КР Убактылуу Өкмөтүнүн УӨ № 521 (Чектеш мамлекеттер тарабынан соодалык эмес чектөөлөр маселелерине карата эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 5-июлу УӨ № 521 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдө 2011-жылга чейин социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча биринчи кезектеги чаралары жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдө 2011-жылга чейин социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча биринчи кезектеги чараларынын планынын 2.7-пунктун аткаруу үчүн:
1. Чектеш мамлекеттер тарабынан соодалык эмес чектөөлөр маселелерине карата эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө кырдаалды талдоону жүргүзсүн жана чектеш мамлекеттер тарабынан соодалык эмес чектөөлөр маселелерине карата эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын бирдиктүү позициясын түзүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын позициясы бекитилгенден кийин жумушчу топко чектеш мамлекеттер тарабынан соодалык эмес чектөөлөр маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилсин.
4. Жумушчу топ өз ишине мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруу жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык байланыштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-июлундагы № 521 тескемесине тиркеме
Чектеш мамлекеттер тарабынан соодалык эмес чектөөлөр
маселелерине карата эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү
жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри, жумушчу топтун жетекчиси; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын ШКУдагы туруктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын КМШнын Аткаруу комитетиндеги туруктуу өкүлү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы №71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча…Постановление · 10.06.2010 · № 71 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы №71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча…Постановление · 10.06.2010 · № 71 · Күчүн жоготкон