# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 517 (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин санын көбөйтүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 517 (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин санын көбөйтүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 517
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208610>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8969/edition/522772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208610.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 517 (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин санын көбөйтүү тууралуу) тескемеси (01.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208610

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 1-июлу УӨ № 517 Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын ишин өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин санын көбөйтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин штаттык саны Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын эсебинен 357 (үч жүз элүү жети) бирдикке көбөйтүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте бошоп калган администрациялык имараттарды, автотранспорт каражаттарын, компьютердик техниканы жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү боюнча чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин штаттык санынын көбөйүшүнө байланышкан финансылык маселелерди чечсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгышсын жана киргизишсин жана өздөрүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтиришсин.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

6. Бул тескеме 2010-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
