Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Убактылуу Өкмөтүнүн УӨ № 517 (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин санын көбөйтүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 1-июлу УӨ № 517 Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын ишин өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин санын көбөйтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин штаттык саны Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын эсебинен 357 (үч жүз элүү жети) бирдикке көбөйтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте бошоп калган администрациялык имараттарды, автотранспорт каражаттарын, компьютердик техниканы жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин штаттык санынын көбөйүшүнө байланышкан финансылык маселелерди чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгышсын жана киргизишсин жана өздөрүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтиришсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
6. Бул тескеме 2010-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.