# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлу УӨ № 515 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик социалдык камсыздоо агенттигине Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан бюджеттик субсидия бөлүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлу УӨ № 515 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик социалдык камсыздоо агенттигине Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан бюджеттик субсидия бөлүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 515
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208609>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8968/edition/523039/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлу УӨ № 515 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик социалдык камсыздоо агенттигине Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан бюджеттик субсидия бөлүү тууралуу) тескемеси (12.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208609

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 1-июлу УӨ № 515 (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 28-р буйругунун редакциясына ылайык) 2010-жылдын 6-7-8-апрелиндеги талап-тоноолордун, талоончулуктун жана башаламандыктардын кесепетинен жабыр тарткан жеке ишкер-ижарачыларга финансылык колдоо көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 53,0 (элүү үч) млн. сом өлчөмүндө бюджеттик субсидия бөлүп берилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 28-р буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "РСК Банк" ачык акционердик коому (мындан ары "РСК Банк" ААК) ачкан өзүнчө максаттуу эсепке 53,0 млн. сом өлчөмдө бюджеттик субсидияны 2010-жылдын 6-8-апрелинде жабыркаган ижарачы-ишкерлерге компенсация төлөө үчүн жумшасын.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 28-р буйругунун редакциясына ылайык)

3. "РСК Банк" ААКга төмөнкүлөр сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуялардын кесепетинен зыян тарткан ижарачы-ишкерлерге компенсация төлөө үчүн өзүнчө эсеп ачуу;

- Экономикалык зыянды аныктоо жана ишкерликти колдоо боюнча мамлекеттик комиссия аныктаган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге (мындан ары - тизме) ылайык ижарачы-ишкерлер үчүн персоналдык өзүнчө эсептерди ачуу;

- компенсация төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге жана суммаларга ылайык максаттуу эсептен ижарачы-ишкерлердин персоналдык өзүнчө эсептерине акча каражатты которуу;

- жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ижарачы-ишкерлерге тизмеге ылайык компенсацияларды төлөө боюнча которуулардын жалпы суммасы жана максаттуу эсепте калган акча каражаттын калдыгы жөнүндө маалымат берүү.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 28-р буйругунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги Экономикалык зыянды аныктоо жана ишкерликти колдоо боюнча мамлекеттик комиссия аныктаган ижарачы-ишкерлердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин, анда ижарачы ишкердин же анын өкүлүнүн компенсацияны алуу укугуна нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним катында көрсөтүлгөн фамилиясы, аты, атасынын аты, алардын паспорттук маалыматтары жана компенсацияны өлчөмү сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.

4-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "РСК Банк" ачык акционердик коому менен ушул тескемени ишке ашырууга байланыштуу кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим түзсүн. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 28-р буйругунун редакциясына ылайык)

5. Ушул тескеминин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана экономика, өнөр жай жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
