# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 514 (Республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 514 (Республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 514
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8967/edition/522768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 514 (Республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси (01.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208608

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 1-июлу УӨ № 514 Жалпы билим берүүчү уюмдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана 2010-2011-окуу жылына даярдык көрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 200,0 (эки жүз) млн.сом, анын ичинен 100,0 (жүз) млн.сомду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эсептөөсүнө ылайык жалпы билим берүүчү мектептердин учурдагы ремонтуна жана 100,0 (жүз) млн.сомду окуу китептерин чыгарууга бөлсүн.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
