# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-июнундагы УӨ № 500 (Мамлекеттик резервде сактоодо турган аштык буудайдын сапатын жакшыртуу жана аны өз убагында жаңылап туруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-июнундагы УӨ № 500 (Мамлекеттик резервде сактоодо турган аштык буудайдын сапатын жакшыртуу жана аны өз убагында жаңылап туруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 500
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8961/edition/522527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208602.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-июнундагы УӨ № 500 (Мамлекеттик резервде сактоодо турган аштык буудайдын сапатын жакшыртуу жана аны өз убагында жаңылап туруу тууралуу) тескемеси (25.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208602

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 25-июну УӨ № 500 Мамлекеттик резервде сактоодо турган аштык буудайдын сапатын жакшыртуу жана аны өз убагында жаңылап туруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

- 2006-2007-жылы сактоого коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 36-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган 13077 тонна аштык буудайды жооптуу сактоочу ишканаларга жана башка чарбакер субъекттерге тиркемеге ылайык өткөрүп берсин;

- эгинди алган жооптуу сактоочу ишканалар жана чарбакер субъекттер 2010-жылдын түшүмүнөн алынган, ГОСТ 9353-90 "Буудай. Камдоодогу жана берүүдөгү талаптар" талабына жооп берчү, 3-класстан төмөн эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес 14384,7 тонна аштык буудайды, анын ичинде: жаңыртылууга тийиш болгон 13077,0 тонна аштык буудайды жана материалдык баалуулуктарды брондон чыгаруу иретинде бергенде алынчу 10 проценттик кошумчаны түзүүчү 1307,7 тонна аштык буудайды 2010-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик резервге коюшун камсыздасын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары ушул тескемеге каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-июнундагы № 500 тескемесине тиркеме

2006-2007-жылдарда сактоого коюлган мамлекеттик резервди

жаңылоочу жооптуу сактоочу ишканалардын

ТИЗМЕСИ

| № | Жооптуу сактоочу ишканалардын аталышы | Саны (тонна) |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
| 1 | "Кант-Дан-Азык" АК | 3745,000 |
| 2 | "Ак-Суу Дан-Азык" АК | 1010,000 |
| 3 | "Талас-Дан-Азык" АК | 2224,000 |
| 4 | Кызыл-Кыя ш. "Дан" АК | 3598,000 |
| 5 | "Азрат-Айыб" ААК | 2500,000 |
|  | БАРДЫГЫ: | 13077,000 |
