# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июнундагы УӨ № 497 (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июнундагы УӨ № 497 (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 497
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208601>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8960/edition/522525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208601.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июнундагы УӨ № 497 (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси (23.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208601

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 23-июну УӨ № 497 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Декретин ишке ашыруу максатында:

1. 1500000 (бир миллион беш жүз миң) нускада арыздардын бланктарын даярдаган басмаканалык кызмат көрсөтүүсүнө кредитордук карызды жоюу үчүн "Учкун" акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан 270,0 (эки жүз жетимиш) миң сом бөлүнсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондун 270,0 (эки жүз жетимиш) миң сомго көбөйтүүнү караган "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу тиешелүү сунушту белгиленген тартипте киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
