# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 141 "2016-жылдын 1-сентябрында өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 141 "2016-жылдын 1-сентябрында өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 06.09.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20853>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1792/edition/825705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20853.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 141 "2016-жылдын 1-сентябрында өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (06.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20853

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 6-сентябры № 141 2016-жылдын 1-сентябрында өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-августундагы № 138 токтому менен 2016-жылдын 1-сентябрына дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо боюнча Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Алимбеков Таалайбек Авазович таанылсын.

2. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
