Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Убактылуу Өкмөтүнүн УӨ № 490 (Мамлекеттик чек ара кызматына өзгөчө абал жана жарым-жартылай мобилизациялоо мезгилинде бир булактан алуу ыкмасы менен материалдык каражаттарды сатып алуу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 23-июну УӨ № 490 2010-жылдын 11-июнундагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Ош, Өзгөн шаарларында, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө", 2010-жылдын 12-июнундагы № 69 "Кыргыз Республикасында жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялоо жөнүндө", 2010-жылдын 13-июнундагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областына өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык, жана мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу максатында "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматына өзгөчө абал жана жарым-жартылай мобилизациялоо мезгилинде бир булактан алуу ыкмасы менен материалдык каражаттарды сатып алууну ишке ашырууга уруксат берилсин.
2. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 12-июнунун № 69 "Кыргыз Республикасында толук эмес мобилизация жарыялоо жөнүндө" ДекретиДекрет · 12.06.2010 · № 69
- Декрет ВП от 13 июня 2010 года № 70 "О введении чрезвычайного положения в Джалал-Абадской области Кыргызской Республики"Декрет · 13.06.2010 · № 70
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 11-июнунун №65 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларына жана Кара-Суу, Араван райондоруна өзгөчө абал киргизүү тууралуу"…Декрет · 11.06.2010 · № 65 · Күчүн жоготкон