Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Убактылуу Өкмөтүнүн УӨ № 485 (Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында ушул жылдын июнунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен келтирилген зыянды аныктоо боюнча комиссия түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 21-июну УӨ № 485
1. Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында ушул жылдын июнунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен келтирилген зыянды аныктоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) ушул тескеменин тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия:
- 2010-жылдын 12-июлуна чейинки мөөнөттө жер-жерлерге чыгуу менен жеке, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө келтирилген зыянды аныктасын;
- 2010-жылдын 19-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына сунуштарды төмөнкүлөр боюнча киргизсин:
Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу; жабыр тарткан аймактарды социалдык-экономикалык, жаратылыш-климаттык жана башка факторлорду эске алуу менен андан ары өнүктүрүү; Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан райондорунун калкынын арасында социалдык стабилдүүлүктү кармоо.
3. Министрликтер бир күндүк мөөнөттө Комиссиянын курамына өздөрүнүн өкүлдөрүн ушул тескеменин тиркемесине ылайык кызмат орундары боюнча аныкташсын.
4. Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын коменданттары Комиссиянын ишинин коопсуздугун камсыз кылышсын.
5. Мамлекеттик органдар Комиссиянын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
6. Комиссияга мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерин ишке тартуу, ошондой эле алардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алуу укугу берилсин.
7. Комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, өнөр жай жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Тиркеме
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында
болуп өткөн окуялардын кесепетинен келтирилген
зыянды аныктоо боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Ош облустук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы; Жалал-Абад облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы; Ош шаарынын мэри; Жалал-Абад шаарынын мэри; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары: Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директору: Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- КР УӨ 2010-жылдын 1-октябры № 133 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 77 "Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы тартипсиздиктердин…Декрет · 04.10.2010 · № 133
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыра тарткан…Постановление · 16.05.2011 · № 228 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон