# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы УӨ № 477 (2010-жылы селден жана суу каптоолордон жабыркаган объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү, республиканын аймагында сактоочу курулмаларды куруу максатында акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы УӨ № 477 (2010-жылы селден жана суу каптоолордон жабыркаган объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү, республиканын аймагында сактоочу курулмаларды куруу максатында акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 477
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208491>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8850/edition/522443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208491.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы УӨ № 477 (2010-жылы селден жана суу каптоолордон жабыркаган объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү, республиканын аймагында сактоочу курулмаларды куруу максатында акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси (16.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208491

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 16-июну УӨ № 477 2010-жылы селден жана суу каптоолордон жабыркаган объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү, республиканын аймагында сактоочу курулмаларды куруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине республиканын аймагында кечиктирилгис кошумча авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражатынан 25000000 (жыйырма беш миллион) сом бөлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бул тескеменин 1-пунктунун аткарылышы жөнүндө 2011-жылдын 10-январына карата отчет берсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
