Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Убактылуу Өкмөтүнүн УӨ № 477 (2010-жылы селден жана суу каптоолордон жабыркаган объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү, республиканын аймагында сактоочу курулмаларды куруу максатында акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 16-июну УӨ № 477 2010-жылы селден жана суу каптоолордон жабыркаган объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү, республиканын аймагында сактоочу курулмаларды куруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине республиканын аймагында кечиктирилгис кошумча авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражатынан 25000000 (жыйырма беш миллион) сом бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бул тескеменин 1-пунктунун аткарылышы жөнүндө 2011-жылдын 10-январына карата отчет берсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.