# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-июлундагы № 128 "Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-июлундагы № 128 "Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20849>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1791/edition/823787/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20849.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-июлундагы № 128 "Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө " токтому (14.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20849

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-июлу № 128 Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 12-июлундагы № 379 буйругу менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.А.Халмурзаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоо 2016-жылдын 2-августуна дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
