# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июну УӨ № 469 (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондусунан акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июну УӨ № 469 (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондусунан акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 469
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208483>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8842/edition/522426/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208483.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июну УӨ № 469 (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондусунан акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси (16.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208483

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 16-июну УӨ № 469 Ош жана Жалал-Абад облустарынын, Ош шаарынын жабыр тарткан калкына медициналык тез жардам көрсөтүү максатында:

1. Ушул тескеменин тиркемесине ылайык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондусунан 21294000 (жыйырма бир миллион эки жүз токсон төрт миң) сом бөлүнсүн, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 15894000 (он беш миллион сегиз жүз токсон төрт миң) сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "бир булактан алуу" ыкмасында сатып алышсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 469 тескемесине тиркеме

Ош жана Жалал-Абад облустарынын, Ош шаарынын жабыр

тарткан калкына медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн иш-чаралардын тизмеси

Иш-чаралардын аталышы

Саны

Баасы (сом)

Суммасы (сом)

Эскертүү (чыгым- дардын берене- лери)

1

Санитардык автотранспорт сатып алуу

14 бирдик

11000000

Жабдуу- ларды сатып алуу

2

Күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу

700000

Транс- порттук чыгымдар

3

Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу

610000

Медика- менттер үчүн чыгымдар

4

Дезинфекциялоо каражаттарын сатып алуу:

- кальций гипохлорити;

- хлор акиташы;

- кальцийленген сода;

- каучук содасы;

- кир жуугуч порошок;

- кир самын

10 т 10 т 1,5 т 1 т 1 т 4000 даана

100 сом/кг 35 сом/кг 24 сом/кг 48 сом/кг 40 сом/кг 15 сом

1000000

350000

36000

48000

40000

60000

Башка чыгымдар

5

Каалгаларды, терезелерди калыбына келтирүү үчүн материалдарды сатып алуу чыгымдар

300000

Башка чыгымдар

6

Тамак аш азыктарын сатып алуу

950000

Тамак- тануу үчүн чыгымдар

7

Эпидемиологиялык очоктордун чыгышын алдын алуу үчүн дезинфекциялоо иштерин уюштуруу

800000

Бирдик- түү берене менен берилген чыгымдар

8

Саламаттык сактоо уюмдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу каржылануучу медикаменттер, тамак аш азыктары, күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо

5400000

Бирдик- түү берене менен берилген чыгымдар

Жыйынтыгы

21294000
