# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-июнундагы УӨ № 463 (Жолго пайдаланылчу нефти битумун алуу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-июнундагы УӨ № 463 (Жолго пайдаланылчу нефти битумун алуу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 463
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8838/edition/522418/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-июнундагы УӨ № 463 (Жолго пайдаланылчу нефти битумун алуу тууралуу) тескемеси (14.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208479

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 14-июну УӨ № 463 Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо боюнча 2010-жылга карата иш-чаралардын планын өз убагында аткаруу максатында: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине:

- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги үчүн каралган 352000000 (үч жүз элүү эки миллион) сом өлчөмдөгү финансылык каражатты жолго пайдаланылчу нефти битумун алууга пайдаланууга;

- жолго пайдаланылчу нефти битумун "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилсин.

Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
