КР Убактылуу Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн алдында Жардам көрсөтүү боюнча республикалык штабын түзүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 12-июну № 447 Ош облусунун жана Ош шаарынын жапырт тополоңдун натыйжасында жапа чеккен калкына жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн алдында Жардам көрсөтүү боюнча республикалык штаб (мындан ары - Республикалык штаб) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Ибраимова Э.С.
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн со-
циалдык саясат боюнча координатору, Республика- лык штабдын төрагасы.
Республикалык штабдын мүчөлөрү:
Сариев Т.А.
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Касымалиев Н.Ш.
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми-
нистринин орун басары;
Сулайманов Д.З.
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни-
кациялар министринин орун басары;
Кадыров К.Б.
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин
орун басары;
Мамбетов К.Б.
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо ми-
нистринин орун басары;
Мукашев К.Б.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Соци-
алдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин ди- ректорунун орун басары;
Таджибаев Р.М.
- Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын ап-
парат жетекчиси;
Жакыпов К.
- Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация-
сынын башчысынын орун басары;
Усубакунова А.И.
- Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу;
Байгазаков А.Т.
- Ош шаарынын вице-мэри.
2. Республикалык штаб:
- Ош облусунун жана Ош шаарынын жабыркаган калкына тамак аш азыктары, курулуш материалдар, кийим-кече, дары-дармек препараттары жана башкалар түрүндө жардам (мындан ары - жүк) жыйноо боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу акция жүргүзсүн;
- Ош облусунун жана Ош шаарынын жабыркаган калкы үчүн жүктү жыйноону жана жеткирүүнү, анын ичинде башка өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамды жеткирүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүктү Ош облусуна жана Ош шаарына дароо жөнөтүүнү жана жеткирүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жүктү, анын ичинде башка өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамды, Кыргыз Республикасынын калкынан жана түрдүү уюмдарынан түшкөн жардамды Ош облусуна жана Ош шаарына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн акча каражатын бөлүп берсин.
5. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ош шаарынын мэриясы:
- түшкөн жардамдын сактоо ордун аныктоо менен аны кабыл алуу жана бөлүштүрүү боюнча штаб түзүшсүн;
- келип түшкөн жардамды Ош облусунун жана Ош шаарынын жабыркаган калкына адилет, даректүү жана ачык-айкын бөлүштүрүүнү камсыз кылышсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-августундагы №155 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 93 «Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн…Постановление · 10.08.2010 · № 155 · Күчүн жоготкон