# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы УӨ № 443 (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү үчүн керектүү товарларды, жумуштарды жаиа кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы УӨ № 443 (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү үчүн керектүү товарларды, жумуштарды жаиа кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 443
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208463>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8822/edition/522385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208463.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы УӨ № 443 (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү үчүн керектүү товарларды, жумуштарды жаиа кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тууралуу) буйругу (12.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208463

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 12-июну УӨ № 443 Кыргыз Республикасында референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) даярдануу жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү үчүн керектүү товарларды, жумуштарды жаиа кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын өтүнмөлөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын бюджетинде каралган каражаттын чегинде республикалык бюджеттен өз убагында каржылоону камсыздасын.

3. Бул тескеменин аткарылышын жана бөлүнгөн каражаттын натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
