# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-июлундагы № 124 "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоону жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-июлундагы № 124 "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоону жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20845>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1787/edition/736124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20845.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-июлундагы № 124 "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоону жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (08.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20845

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 8-июлу № 124 Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоону жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 110 токтому менен 2016-жылдын 4-июлуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоосу, бир дагы катталган талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, болбой калган. Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2016-жылдын 21-июнундагы № 156-р буйругу менен Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы Э.С.Назыркулов берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жана № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, 2016-жылдын 21-июлуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2016-жылдын 26-июлуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Кара-Көл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
