# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-январындагы № 9-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 44-б буйругуна толуктоолорду киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-январындагы № 9-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 44-б буйругуна толуктоолорду киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 9-р
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.01.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8799/edition/523677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-январындагы № 9-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 44-б буйругуна толуктоолорду киргизүү тууралуу) тескемеси (14.01.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208439

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2011-жылдын 14-январы № 9-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 44-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 5-пункту:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун» деген сөздөрдөн кийин «Кара-Суу-Дан-Азык» ачык акционердик коомунан башка» деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: «Жооптуу сактоочу ишкана - «Кара-Суу-Дан-Азык» ачык акционердик коому 2011-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген, 2011-жылдын түшүмүнөн алынган аштык буудайды сактоого койсун.».

Премьер-министри

А. Атамбаев
