# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-январындагы № 6-б (Имаратты өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-январындагы № 6-б (Имаратты өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 6-р
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208437>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8797/edition/523673/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208437.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-январындагы № 6-б (Имаратты өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси (13.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208437

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2011-жылдын 13-январы № 6-б Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 82 «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңешинин Парламентин жайгаштыруу жөнүндө» Декретине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11 «Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имаратты өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдан тартып чыгымдардын сметасы боюнча ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты күтүүгө республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына каражат карасын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.

Премьер-министри

А. Атамбаев
