# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 164-р (Кыргыз Республикасынын Президентинин институтунун жоюлган структураларынын жоюу баланстарын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 164-р (Кыргыз Республикасынын Президентинин институтунун жоюлган структураларынын жоюу баланстарын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 164-р
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.11.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208428>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8788/edition/523011/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208428.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 164-р (Кыргыз Республикасынын Президентинин институтунун жоюлган структураларынын жоюу баланстарын бекитүү тууралуу) тескемеси (05.11.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208428

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 5-ноябры № 164-р Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жоболоруна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 2010-жылдын 7-майындагы № 33-р тескемеси менен түзүлгөн жоюу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин институтунун жоюлган төмөнкү структураларынын жоюу баланстары бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариаты;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин институтунун жоюлган структураларынын иштери токтотулганын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
