# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-октябрындагы № 150-р (Чүй жана Талас областтарында коллектордук-дренаждык тармактардын ремонтун жана калыбына келтирүүнү жүргүзүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-октябрындагы № 150-р (Чүй жана Талас областтарында коллектордук-дренаждык тармактардын ремонтун жана калыбына келтирүүнү жүргүзүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 150-р
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8787/edition/523009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-октябрындагы № 150-р (Чүй жана Талас областтарында коллектордук-дренаждык тармактардын ремонтун жана калыбына келтирүүнү жүргүзүү тууралуу) тескемеси (27.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208427

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 27-октябры № 150-р 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарбасына жарактуу жерлерди айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүү менен байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун нарктык нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Чүй жана Талас областтарында коллектордук-дренаждык тармактардын ремонтун жана калыбына келтирүүнү жүргүзүү максаттарында:

1. Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети 2010-жылда Чүй жана Талас областтарында коллектордук-дренаждык тармактарды 20 000 000 (жыйырма миллион) сом жалпы суммасына ремонттоону жана калыбына келтирүүнү жүзөгө ашырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы айыл чарбасына жарактуу жерлерди айыл чарбалык эмес муктаждыктарга үчүн алып берүү байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу боюнча акча каражаттарын топтоштуруунун эсебинен Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин билдирмесине ылайык 20 000 000 (жыйырма миллион) сом төлөп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "2010-жылга Республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга божомол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.

4. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агро өнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу белүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
