# КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-апрелиндеги УӨ № 138 (Т.М.Слащеваны "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директорлугуна - башкы редакторлугуна дайындоо жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-апрелиндеги УӨ № 138 (Т.М.Слащеваны "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директорлугуна - башкы редакторлугуна дайындоо жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208399>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8759/edition/521029/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208399.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-апрелиндеги УӨ № 138 (Т.М.Слащеваны "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директорлугуна - башкы редакторлугуна дайындоо жөнүндө) тескемеси (17.04.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208399

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 17-апрели УӨ № 138

Т.М.Слащеваны "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн

директорлугуна - башкы редакторлугуна

дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 60 Жарлыгына ылайык башталган "Слово Кыргызстана" басма үйүн жоюу процесси токтотулсун.

2. "Слово Кыргызстана" газетасын чыгаруу кайрадан башталсын жана ал Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн юрисдикциясына өткөрүлүп берилсин.

3. Тамара Михайловна Слащева "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директорлугуна - башкы редакторлугуна дайындалсын.

4. Мурда "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын балансына өткөрүлүп берилген материалдык-техникалык каражаттар (акча каражаттары, компьютердик жабдуулар, эмеректер) "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн балансына токтоосуз кайтарылып берилсин.

5. Башкы редактор "Слово Кыргызстана" газетасынын редакциясынын жамаатын, анын ичинде мурда жоюлган "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн жамаатынын мүчөлөрүнүн ичинен түзсүн.

Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
