# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 21-июнундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.А.Скрипкинанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 21-июнундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.А.Скрипкинанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20833>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1775/edition/734204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20833.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 21-июнундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.А.Скрипкинанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (21.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20833

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-июну № 112 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.А.Скрипкинанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Скрипкина Галина Анатольевнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Скрипкина Галина Анатольевнанын ыйгарым укуктары 2016-жылдын 29-июнунан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Скрипкина Галина Анатольевнанын депутаттык күбөлүгү 2016-жылдын 29-июнунан тартып жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
