# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 75-р (Материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражат бөлүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 75-р (Материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражат бөлүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 75-р
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8659/edition/521630/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 75-р (Материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражат бөлүү тууралуу) буйругу (13.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208299

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 13-сентябры № 75-р «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 токтомуна ылайык, ошондой эле 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын 2010-жылдын 17-августундагы № 8 протоколу менен жол-жоболоштурулган чечимин эске алып:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептин каражаттарынан төмөндөгү адамдарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражат бөлсүн:

Абдрахманов Урмат Жакыпбаевичке

- 30,0 (отуз миң) сом өлчөмүндө;

Беделбаев Кылычбек Орозобековичке

- 10,0 (он миң) сом өлчөмүндө;

Есенбаев Анарбек Турсуналиевичке

- 30,0 (отуз миң) сом өлчөмүндө;

Аширалиев Данияр Маннаповичке

- 30,0 (отуз миң) сом өлчөмүндө;

Чолпонбаев Асылбек Султановичке

- 50,0 (элүү миң) сом өлчөмүндө;

Тентимишов Каныбек Абдылдаевичке

- 30,0 (отуз миң) сом өлчөмүндө;

Алимбеков Тынычбек Шаршеналиевичке

- 50,0 (элүү миң) сом өлчөмүндө.

2. Ушул тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
