# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 72-р («Торугарт» жана «Эркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды (өткөрүүчү базаларды) долбоорлоо жана куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 72-р («Торугарт» жана «Эркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды (өткөрүүчү базаларды) долбоорлоо жана куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 72-р
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8658/edition/521529/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 72-р («Торугарт» жана «Эркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды (өткөрүүчү базаларды) долбоорлоо жана куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын бекитүү тууралуу) буйругу (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208298

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 9-сентябры № 72-р Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана ата мекендик автоташуучуларды колдоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 117-А тескемеси менен түзүлгөн «Торугарт» жана «Эркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды (өткөрүүчү базаларды) долбоорлоо жана куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр-жай, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 72-р буйругу менен бекитилген

«Торугарт» жана «Эркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды (өткөрүүчү базаларды) долбоорлоо

жана куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын

чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын

планы

№

Иш-чара

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуу аткаруучулар

1

2

3

4

1

Иш жүзүндөгү октук жүктөмдөрдү жана автотранспорт каражатынын жалпы иш жүзүндөгү массасын өлчөө, ошондой эле мезгилдүү жана оперативдүү таразалык контролдоону жүргүзүү максатында төмөнкүлөр сатып алынсын, орнотулсун жана ишке киргизилсин:

- «Торугарт» жана лЭркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын бажылык контролдоо зоналарындагы таразалык контролдоо пункттарында тараза жабдуулары;

- таразалык контролдоонун жылдырып жүрүүчү пункттары.

Төмөнкүдөй маселелер иштелип чыксын:

- республикада таразалык контролдоо пункттарынын (ТКП) иштөөсү жана аларды автоматташтыруу жөнүндө;

- ТКПнын ишин контролдоого коомдун катышуусу жөнүндө

2 ай

ТКМ, Бажы кызматы

2

Максималдуу октук массасы 10 тоннадан (бир октук үчүн) ашкан автотранспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүн чектөө жөнүндө нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо. Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам маршруттары боюнча жүк ташуучу транспорттук каражаттардын максималдык массасына чектөө киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөө

1 ай

ЭЖСМ, ТКМ, Бажы кызматы

3

Ушул Пландын 2-пункту боюнча чечим кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын биргелешкен 2007-жылдын 3-майындагы № 108 жана 2007-жылдын 3-майындагы № 5-4/121 лБажы органдары менен автотранспорттук каражаттардын салмагын жана көлөмүн контролдоо пункттарынын ортосундагы иштерди координациялоо жөнүндө» буйругун колдонуу маселесин кароо

1 ай

ТКМ, Бажы кызматы

4

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 137-б буйругуна ылайык лНарын» ЭЭА аймагында соода-тейлөөчү борбордун курулушуна мамлекеттин финансылык катышуусун экономикалык талдоо

3 ай

Финмин, ЭЖСМ, ТКМ, Бажы кызматы, Нарын мамоблад- министрациясы

5

Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам автожолдорунда жүк ташуучулар үчүн токтоочу жайларды мыйзамдарда белгиленген тартипте уюштуруу жөнүндө маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте иштеп чыгуу

1 ай

ТКМ, Мамкурулуш, Мамкаттоо, Токойагенттиги, Нарын жана Ош мамобладминистрациялары

6

Бишкек шаарында жүк ташуучулар үчүн токтоочу жайларды мыйзамдарда белгиленген тартипте уюштуруу жөнүндө маселени иштеп чыгуу

1 ай

Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Кыргызстан ташуучулар ассоциациясы (макулдашуу боюнча)

7

Кытай Эл Республикасы менен паритеттүү жүк ташууларды аткаруу жөнүндө маселени иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосунда автомобилдердин кирүүсү, чыгуусу жана транзиттик кыймылы жөнүндө маалыматтарды ай сайын салыштырып текшерүү

1 ай

ТКМ, Кыргызстан ташуучулар ассоциациясы (макулдашуу боюнча), КУ »Айдоочу Коому» (макулдашуу боюнча)

8

Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам автожолдорунда жүк ташуучуларга карата коррупциялык аракеттердин алдын алуу боюнча сунуштарды биргелешип киргизүү

1 ай

ИИМ, Бажы кызматы, Кыргызстан ташуучулар ассоциациясы (макулдашуу боюнча), КУ лАйдоочу Коому» (макулдашуу боюнча)

9

Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам маршруттары боюнча жүк ташууну жүргүзүү үчүн ата мекендик жүк ташуучуларды тартуу менен мамлекеттик автомобилдик транспорттук-экспедициялык компанияны түзүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу

3 ай

ТКМ, Бажы кызматы, ЭЖСМ
