Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Торугарт» жана «Эркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды (өткөрүүчү базаларды) долбоорлоо жана куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын бекитүү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 6 декабря 2024 года № 781-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-06.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 9-сентябры № 72-р Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана ата мекендик автоташуучуларды колдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 117-А тескемеси менен түзүлгөн «Торугарт» жана «Эркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды (өткөрүүчү базаларды) долбоорлоо жана куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр-жай, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 72-р буйругу менен бекитилген
«Торугарт» жана «Эркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды (өткөрүүчү базаларды) долбоорлоо
жана куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын
планы
№
Иш-чара
Аткаруу мөөнөтү
Жооптуу аткаруучулар
1
2
3
4
1
Иш жүзүндөгү октук жүктөмдөрдү жана автотранспорт каражатынын жалпы иш жүзүндөгү массасын өлчөө, ошондой эле мезгилдүү жана оперативдүү таразалык контролдоону жүргүзүү максатында төмөнкүлөр сатып алынсын, орнотулсун жана ишке киргизилсин:
- «Торугарт» жана лЭркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын бажылык контролдоо зоналарындагы таразалык контролдоо пункттарында тараза жабдуулары;
- таразалык контролдоонун жылдырып жүрүүчү пункттары.
Төмөнкүдөй маселелер иштелип чыксын:
- республикада таразалык контролдоо пункттарынын (ТКП) иштөөсү жана аларды автоматташтыруу жөнүндө;
- ТКПнын ишин контролдоого коомдун катышуусу жөнүндө
2 ай
ТКМ, Бажы кызматы
2
Максималдуу октук массасы 10 тоннадан (бир октук үчүн) ашкан автотранспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүн чектөө жөнүндө нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо. Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам маршруттары боюнча жүк ташуучу транспорттук каражаттардын максималдык массасына чектөө киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөө
1 ай
ЭЖСМ, ТКМ, Бажы кызматы
3
Ушул Пландын 2-пункту боюнча чечим кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын биргелешкен 2007-жылдын 3-майындагы № 108 жана 2007-жылдын 3-майындагы № 5-4/121 лБажы органдары менен автотранспорттук каражаттардын салмагын жана көлөмүн контролдоо пункттарынын ортосундагы иштерди координациялоо жөнүндө» буйругун колдонуу маселесин кароо
1 ай
ТКМ, Бажы кызматы
4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 137-б буйругуна ылайык лНарын» ЭЭА аймагында соода-тейлөөчү борбордун курулушуна мамлекеттин финансылык катышуусун экономикалык талдоо
3 ай
Финмин, ЭЖСМ, ТКМ, Бажы кызматы, Нарын мамоблад- министрациясы
5
Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам автожолдорунда жүк ташуучулар үчүн токтоочу жайларды мыйзамдарда белгиленген тартипте уюштуруу жөнүндө маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте иштеп чыгуу
1 ай
ТКМ, Мамкурулуш, Мамкаттоо, Токойагенттиги, Нарын жана Ош мамобладминистрациялары
6
Бишкек шаарында жүк ташуучулар үчүн токтоочу жайларды мыйзамдарда белгиленген тартипте уюштуруу жөнүндө маселени иштеп чыгуу
1 ай
Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Кыргызстан ташуучулар ассоциациясы (макулдашуу боюнча)
7
Кытай Эл Республикасы менен паритеттүү жүк ташууларды аткаруу жөнүндө маселени иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосунда автомобилдердин кирүүсү, чыгуусу жана транзиттик кыймылы жөнүндө маалыматтарды ай сайын салыштырып текшерүү
1 ай
ТКМ, Кыргызстан ташуучулар ассоциациясы (макулдашуу боюнча), КУ »Айдоочу Коому» (макулдашуу боюнча)
8
Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам автожолдорунда жүк ташуучуларга карата коррупциялык аракеттердин алдын алуу боюнча сунуштарды биргелешип киргизүү
1 ай
ИИМ, Бажы кызматы, Кыргызстан ташуучулар ассоциациясы (макулдашуу боюнча), КУ лАйдоочу Коому» (макулдашуу боюнча)
9
Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам маршруттары боюнча жүк ташууну жүргүзүү үчүн ата мекендик жүк ташуучуларды тартуу менен мамлекеттик автомобилдик транспорттук-экспедициялык компанияны түзүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу
3 ай
ТКМ, Бажы кызматы, ЭЖСМ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги №137 "Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун инфраструктурасын өнүктүрүү жана Нарын облусун социалдык-экономикалык…Распоряжение · 16.04.2008 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи Орун басарынын 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ № 117-а (ведомстволор аралык комиссия түзүлсүш жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 10.06.2010 · № 117-а
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелери күчүн жоготту…Распоряжение · 06.12.2024 · № 781