Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча Планынын бекитүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 3-сентябры № 63-б (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 147-б буйругунун редакциясына ылайык) «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле «Сектордук саясатты, Социалдык коргоону жана УГФны колдоо - Кыргызстан 2007-2009- Каражаттарды экинчи бөлүү программасы» боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык Шериктештиктин Комиссиясынын ортосундагы финансылык макулдашууда (DCI-АSIF/2008/019-237) каралган шарттарды аткаруу максатында:
1. «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча тиркелген План (мындан ары - План) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Планды ишке ашыруу боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 63 тескемеси менен бекитилген
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча план (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 147-б буйругунун редакциясына ылайык)
№
Иш-чаралардын аталышы
Аткаруу мөөнөтү
Аткаруу формасы
Жооптуу аткаруучулар
1
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 147-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
2
Бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген II топтогу адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу каралган «Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү
2010-жылдын декабры
Токтом долбоору
КСКМ
3
«Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды дайындоодо колдонуу үчүн жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынуучу кирешелердин нормативин эсептөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү
2010-жылдын декабры
Токтом долбоору
КСКМ, Улутстатком (макулдашуу боюнча)
4
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында «Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди, расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) дайындоо жана төлөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы № 576 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү
2010-жылдын январы
Токтом долбоору
КСКМ
5
«Ар айлык социалдык жөлөкпулдарды берүү механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү
2010-жылдын марты
Ар айлык социалдык жөлөкпулдарды берүү механизмин бекитүү жөнүндө токтом долбоору
КСКМ
6
Калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык жактан коргоону күчөтүү максатында «Кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү
2010-жылдын майы
Токтом долбоору
КСКМ
7
Керектөө бааларынын индексинин өзгөрүшүн эске алуу менен «Ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү
2010-жылдын июну
Токтом долбоору
КСКМ
8
Жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынуучу кирешелердин нормативдерин эсептөөнүн жаңы методикасын эске алуу менен, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпулдарды дайындоодо колдонуу үчүн аларды кайра карап чыгуу бөлүмүндө «Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү
2010-жылдын июлу
Токтом долбоору
КСКМ, Улутстатком (макулдашуу боюнча)
9
Калктын аялуу катмарын социалдык жактан коргоо жөнүндө, мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү тартиби жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзүү:
- жалпыга маалымдоо
каражаттарына маалымат жарыялоо;
- маалыматтык буклеттерди
иштеп чыгуу жана таратуу;
- айылдагы жыйындарда
маалымдоо
Дайыма
Практикалык иш-аракеттер
КСКМ
Кыскартуулардын тизмеси:
КСКМ
Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги
Улутстатком
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
МКК
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 147-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 63-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 29.04.2011 · № 147-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Премьер-министрин 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 63 (А.М.Курманбаев жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 03.09.2010 · № 63
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун…Постановление · 29.12.2009 · № 824 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 822 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы №576 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди, расымдык…Постановление · 14.08.2006 · № 576 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 147-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 63-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 29.04.2011 · № 147-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө" жобосу (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 822 токтому менен бекитилген)Положение · 29.12.2009 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби…Положение · 29.12.2009 · № 824 · Күчүн жоготкон