Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Материалдык жардам көрсөтүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 19-августу № 41-р Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын 2010-жылдын 6-августундагы № 7 протокол менен таризделген чечимин эске алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептин каражаттарынан төмөндөгү адамдарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражат бөлсүн:
Абдылдаева Гүлмира Океновнага - 10,0 (он миң) сом өлчөмдө; Гуляев Үсөн Абдусаматовичке - 50,0 (элүү миң) сом өлчөмдө; Тулеков Сабыр Бегалиевичке - 50,0 (элүү миң) сом өлчөмдө; Чаргынова Мунара Еркинбаевнага - 20,0 (жыйырма миң) сом өлчөмдө; Алтынбекова Бегайым Табалдиевнага - 20,0 (жыйырма миң) сом өлчөмдө.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР УӨ 2010-жылдын 13-июлундагы №129 "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик…Постановление · 13.07.2010 · № 129 · Күчүн жоготкон